Ссылки доступа

Барымтага алынган Egyptair жүргүнчү учагы Кипрге конду


Александриядан Каирге рейс жасаган учакты ким туткундап алганы жана кандай талаптарды коюп жаткандыгы азырынча беймаалым.

Белгисиз адамдардын колуна түшкөн жана Александриядан Каирге рейс жасаган Egyptair учагы Кипрдин Ларнаки аэропортуна келип конду. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Египет бийликтери учакта жалпысынан 81 адам бар экенин билдирди. Алгачкы маалыматтарда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 62 адам бардыгы айтылып жаткан. Учакта кеминде куралчан бир киши болгону маалымдалууда.

Al Arabiya кабарлагандай, учак учуп чыккандан көп өтпөй бир киши жардыргыч зат шыкалган куру бар экенин жарыялаган. Учак Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга конгондон кийин бир канча аял жана балдарга сыртка чыгууга уруксат берилген.

Учакты ким барымтага алганы жана ал кандай талап койгону азырынча белгисиз.

Кипрде бул инцидент боюнча эки кризистик штаб түзүлдү.

XS
SM
MD
LG