Ссылки доступа

Барымтага алынган EgyptAir рейсинин бардык жүргүнчүлөрү бошотулду


Кипрдын Ларнаки аэропортунда EgyptAir компаниясынын учагында барымтада кармалып турган бардык жүргүнчүлөр бошотулду. 70 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркаган жок. Лайнерди туткундаган эркек адам полициянын колуна түшүп берди.

Шейшембиде Александриядан Каирге бараткан учактын жүргүнчүлөрүнүн бири экипаждан аба кемесин Кипрди көздөй айдоону талап кылган. Ал “болбосо учакты жардырып жиберем” деп коркуткан. Кийинчерээк авиакомпаниянын өкүлдөрү кипр бийлигине шилтеме берүү менен бул адамда эч кандай жардыруучу зат болбогондугун айтып чыгышты.

Учакты барымтага алган адамдын эмне себептен бул кадамга баргандыгы белгисиз боюнча калууда. Кипр президенти Никос Анастасиадис бул иштин терроризмге байланышы жоктугун кабарлады.

Бир катар ММКлардын билдиришинче, кармалган адам – Египеттин жараны. Анын аты - Сейф Элдин Мустафа. Болжолу, ал Кипрде жашаган жубайы менен жолугушууну каалаган. Башка маалыматтарга караганда, ал Египеттеги саясий себеп менен камакта отургандарды бошоткусу келген.

XS
SM
MD
LG