Ссылки доступа

Казакстан: ММКлар үчүн гаджеттерге тыюу салынбайт


Мамлекеттик мекемелерде смартфондорду колдонууга тыюу салынганы менен мындай талап журналисттерге жайылтылбайт. Бул тууралуу Казакстан премьер-министринин орун басары Дарига Назарбаева Астанадагы брифинг учурунда билдирди.

Бирок мындан ары мамлекеттик кызматкерлердин баары, анын ичинде жетекчилер дагы гаджеттерди иш учурунда колдоно албайт.

“Бул буйрук бир гана мамлекеттик аппаратка жана мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Андыктан жер-жерлерде акимчиликтер журналистердин гаджет алып келишине тыюу салышы туура эмес. Алар ыйгарым укуктарынан аша чаап жатат”,-деди Назарбаева.

Мамлекеттик мекемелерде интернет-модулу, фото жана видеокамерасы бар түзүлүштөрдү колдонууга тыюу салынганы ушул айдын ортосунда белгилүү болду. Маалыматтардын тышка жайылышына бөгөт коюу үчүн ушундай ыкма киргизилгени айтылган. Кыска билдирүү жөнөтүүгө жана чалууга мүмкүнчүлүгү бар, жөнөкөй телефондорду гана алып жүрүүгө уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG