ЕККУнун төрагасы Штайнмайер Ташкентте Өзбекстан президенти Ислам Каримов жана тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу мамилелер, аймактык жана эл аралык маселелер, анын ичинде ЕККУнун чөлкөмдөгү социалдык жана саясий жараяндарга катышуусуна байланышкан суроолор талкууланды. Берлин Өзбекстандагы ички саясий жагдай туурасында “ачык диалогго” кызыкдар экендигин белгилегендиги кабарланууда.
Иш сапар алдында Штайнмайер Борбордук Азияны «стратегиялык маанидеги аймак” деп атаган. Германиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга жана Тажикстанга да барары күтүлүүдө.