Ссылки доступа

Назарбаев иш сапары менен АКШга келди


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Вашингтонго иш сапары менен келди. Бул туурасында Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Назарбаев ядролук коопсуздук саммитине катышат жана бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Өзөктүк коопсуздук боюнча саммит Вашингтондо 31-марттан 1-апрелге чейин өтөт. Анда ядролук террорчулукка каршы чаралар талкууланмакчы. Төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан саммиттин ишине 52 өлкөдөн келген делегациялардын катышуусу пландаштырылууда. Орусия президенти Владимир Путин бул саммитке келген жок. Кремлдегилер Орусия өкүлдөрү саммиттин ишине жумушчу деңгээлде да катышпай тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG