Ссылки доступа

Сирияга орусиялык саперлер келди


Орусиянын Коргоо министрлиги Сирияга байыркы Пальмира шаарын жардыруучу заттардан арылтуу үчүн сапер адистердин алгачкы тобу келгендигин кабарлады.

Буга чейин сирия аскерлери орусиялык авиациянын колдоосу менен Пальмираны бошотушкан болчу. Бул шаар он айга жакын убакыт бою “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндө болгон.

Орусия сирия өкмөтүнө шаардын тарыхый бөлүгүн миналардан тазалоого көмөктөшүүгө убада берген эле. Бортунда саперлордун алгачкы тобу болгон учак Сирияга бүгүн эртең менен учуп келди. Аталган топ качан Пальмирага барары кабарлана элек. Миналардан арылтуу жараяны бир нече айга созулушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG