Ссылки доступа

Вашингтондо ядролук саммит Орусиянын катышуусуз башталды


Вашингтондогу ядролук саммитке ондогон дүйнөлүк лидер жана делегация келди. Орусия форумга катышуудан баш тартты. Батышта муну Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылыш жана Крымдын аннексиялангандыгы үчүн Москва менен НАТОнун мамилесинин сууп кеткендиги менен байланыштырышууда.

Жыйында ядролук куралдын террорчулардын колуна түшүп калуусунун алдын алуу үчүн коопсуздукту күчөтүү маселеси кеңири талкууланат.

Андан тышкары Түндүк Кореянын ядролук программасы жана бул өлкөдөн келе турган коркунучтар жөнүндө сөз болот.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс кабарлагандай, ядролук материалдардын террористердин колуна түшүп калуу коркунучунун алдын алуу мүмкүнчүлүгү каралат. Анын айтымында, 2010-жылы Вашингтондо алгач ирет өткөн саммиттен бери ядролук куралдарды коопсуздандырууга байланышкан иште жылыштар байкалды. Орусия бул жыйынга катышуудан баш тартуу менен өзү обочолонуп алганын кошумчалады.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмиртий Песков саммиттен баш тартууну-күн тартибиндеги суроолорду жана тематиканы алдын ала иштеп чыгууда пикир келишпестиктер болгону менен түшүндүрдү.

Саммит АКШ президенти Барак Обаманын демилгеси менен эки жылда бир жолу өтүп келет. Эки сапар ага мурдагы президент Дмитрий Медведев катышкан. Үчүнчүсүндө Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров келген болчу.

XS
SM
MD
LG