Ссылки доступа

"Тажиктердин Ким Кардашьяны" Donna италиялык журналында


26-мартта сатыкка чыккан Donna италиялык журналынын жаңы санында тажик дизайнери Макнун Ниёзова туурасында материал жарык көрдү. Журнал аны «тажиктердин Ким Кардашьяны» деп атады.

Аялдарга арналган италиялык Donna журналы алгачкы жолу жаш тажик дизайнери жана Тажикстандын Технологиялык университетинин көркөм долбоорлоо кафедрасынын башчысы Макнуна Ниёзованын сүрөтүн жарыялады.

Материалдын автору Валентина Равизза Макнунаны «тажиктердин Ким Кардашьяны» деп атап, ал жакын арада Түштүк Кореяда өтө турган Азия мода көрсөтүү иш-чарасына катыша тургандыгын жазган. Былтыркы жылдын сентябрында Макнуна Face of Central Asia (Борбордук Азиянын жүзү) конкурсунда жеңишке жетип,мода көрсөтүүгө жолдомо алган.

Макнуна Ниёзова Казакстанда өткөн “Борбордук Азиянын жүзү” конкурсуна катышкан тажикстандык жападан-жалгыз дизайнер болчу.

Автор белгилегендей, ал тажик улуттук кийимин көрүүчүлөрдүн сынына коюп, бул элдин маданияты менен искусствосун чыгармачылыгы аркылуу жайылтып келе жатат.

XS
SM
MD
LG