Ссылки доступа

Орусия НАТОго “ассиметриялуу” жооп кайтарууну убадалайт


Орусия НАТОнун Чыгыш Европадагы аскер ротациясынын көбөйүшүнө, анын ичинде АКШнын Орусия чек арасындагы аскерлеринин жайгашуусуна “ассиметриялуу” жооп кайтарууга даярданууда. Бул тууралуу Орусиянын НАТОдогу өкүлү Александр Грушко билдирди.

Ал “Россия-24” телеканалына маек берип жатып, коркунучтардын денгээлине жараша жооп беришерин, жараян ашкер чыгымсыз, бирок максималдуу түрдө эффективдүү болорун айтты.

“АКШ Европадагы чыгыш фронтуна басым жазоо менен аскердик күчтөрүн көбөйтүүдө. Биз жай байкоо салып тура албайбыз. Эч нерсе менен бекемделбеген бул аракетке ырааттуулук менен жооп кайтарабыз”-деди Грушко.

90-жылдары Орусия менен НАТОнун ортосунда түзүлгөн келишимге аскерлердик күчтөрдүн ротацияланып жатышы карама каршы келет. Бул жөнүндө ал «Известия» басылмасын берген маегинде кеп салды. Байма- бай ротация кылуу туруктуу аскер жайгаштыруудан эч айырмаланбай тургандыгын кошумчалады. Александр Грушко.

XS
SM
MD
LG