Ссылки доступа

Тажик айдоочусун өлтүргөндөр жаза мөөнөтүн Орусияда өтөйт


Тажикстандагы 201-орусиялык аскерий базанын жоокерлери Ильдар Сахапов менен Федор Басимов 31-мартта Дүйшөмбүдөн Екатеринбург шаарынын түрмөсүнө жөнөтүлүштү.

Алар былтыркы жылдын август айында тажик айдоочусун өлтүргөндүгү үчүн 13 жана 17 жылга эркинен ажыратылып, ушул убакка чейин Дүйшөмбүнүн №1 ТИЗОсунда камакта болушкан.

201-орусиялык аскерий базанын аскерий гарнизондук сотундагы өздүк булак кабарлагандай, Ильдар Сахапов менен Федор Басимовду этап менен жөнөтүү соттун чечими боюнча ишке ашырылган.

Аталган булактын ырасташынча, бул адамдар Рахимжон Тешабоевдин жакындарына моралдык жана материалдык чыгым катары 1 миллион рубль өлчөмүндөгү акчаны жаза мөөнөтүн өтөй баштагандан тартып төлөй башташат.

Рахимжондун бир тууганы Рустамжон Тешабоевдин айтымында, 31-мартта алар аскерий гарнизондун сотуна чакырылган. Соттолгон жоокерлер этап менен жөнөтүлө тургандыгы кабарланган. Бирок компенсация тууралуу бир да сөз айтылган эмес жана бул акча качан төлөнүп бериле тургандыгы белгисиз.

Рахимжон Тешабоевдин үй-бүлөсү жалдаган жактоочу Нигора Хайитова белгилегендей, айдоочуну өлтүргөндөн кийин Басимов анын унаасынан 37 миң 500 орусия рублин уурдап алган, ошондуктан соттолгондор милдеттүү түрдө бул зыяндын ордун толтурушу керек.

Такси айдоочу Рахимжон Тешабаевдин мууздалган жансыз денеси 2014-жылдын 19-августунда Дүйшөмбүнүн жанындагы Рудаки районунун Чимтеппа кыштагындагы көлдүн жээгинен табылган. 26-августта аны өлтүргөн деген шек менен 201-орусиялык аскерий базанын жоокерлери Сахапов менен Басимов кармалган.

XS
SM
MD
LG