Тасмада Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхий мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган.
Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган. Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан болуп саналат.