Ссылки доступа

Тажикстандын ушул убакка чейин аскерий учактары жок


Global Firepower изилдөөчүлөрүнүн маалыматы боюнчаТажикстандын куралдуу күчтөрүндө 8 миңден ашуун жоокер жана 37 танк бар. Бирок ушул убакка чейин тажик армиясында аскерий учактар жок экендиги белгиленген.

Изилдөөнүн авторлору Тажикстандын армиясы мурункудай эле өтө начар абалда, аскерий техникасынын басымдуу бөлүгү СССР учурунда чыгарылган жана эчак эскирген деп эсептешет. Куралдуу кагылышуулар же ички жаңжалдар болуп кетсе, тажик куралдуу күчтөрү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жардамына муктаж болушат.

Global Firepower версиясында жылдык рейтингине ылайык, Тажикстан дүйнөнүн эң кубаттуу куралдуу күчтөрүнүн ичинен 112-орунду ээледи. Бул сапар рейтингге 126 өлкө киргизилген.

Изилдөөгө ылайык, тажик армиясынын жеке курамы 8800 офицер менен жоокерден турат. Жалпысынан Тажикстандын аскерий түзүмдөрүндө 16 миңге жакын аскер адамдары бар. Тажик армиясы 30 Т-72, 7 Т-62 танктары, 23 даана жөө аскерлер машинасы (ЖАМ) жана 23 бронетранспортер (БТР), Ту-134 учагы жана МИ тибиндеги үч тик учак менен куралданган.

Тажикстандын улуттук армиясы 1993-жылдын башында Элдик фронттун куралданган түзүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн. Элдик фронт өлкөдөгү жарандык согуш учурунда куралданган оппозицияга каршы күрөшкөн. Башкы постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, ал советтик армиядан эч нерсени мурастап калган эмес.

XS
SM
MD
LG