Ссылки доступа

Борбор Азия өлкөлөрү жана АКШ инвестициялык климатты талкуулашат


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШнын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы Соода жана инвестициялар боюнча алкактык келишим кеңешинин (TIFA) отурумуна катышат.

Отурум ушул жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин Бишкекте өткөрүлөт. Бул жөнүндө Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, отурум учурунда Борбор Азия менен АКШдагы соода-инвестициялык климат темасынын тегерегинде сөз болот.

Анын ичинде инвестиция, TIFA алкагындагы мамлекеттердин ортосундагы соода алакаларын жөнөкөйлөтүү, өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн алардын товарларынын жеткиликтүү болушу жана аялдардын ишкердигине көмөктөшүү маселелери каралмакчы.

Бажы, стандарттар, санитардык жана фитосанитардык чаралар боюнча жумушчу топтор кийинки жылга карата конкреттүү кадамдарды пландаштыруу үчүн бир катар жолугушууларды өткөрөт.

XS
SM
MD
LG