Ссылки доступа

Караганда облусунда суу ташкыны тосмону жарып кетти 


Караганда облусунун Шет районунда суу тосмосу жарылды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча облустук департаменттин (ӨКД) маалымдашынча, Төмөнкү Нарбак суу сактагычындагы тосмо 4-апрелде түнкү саат 3тө суунун күчүнө туруштук бере албай, жарылып кеткен.

Каза тапкандар жана жарадар болгондор жөнүндө азырынча маалымдала элек. ӨКД калктуу жерлерде суу алдында калуу коркунучу жок деп билдирүүдө. Унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.

Суу тосмосунун жарылышынан улам Кызылордо-Павлодар трассасындагы (796-километринде) беш-алты метр узундуктагы аралыкта суу агымы токтой элек. ӨКД Шет районунун Шерубануйра дарыясында суунун деңгээли азайып бараткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG