Ссылки доступа

Савченко кайрадан ачкачылык жарыялайт


Орусияда 22 жылга эркинен ажыратылган украиналык учкуч Надежда Савченко 6-апрелде “кургак” ачкачылык жарыялай тургандыгын анын жактоочусу билдирди.

Twitterдеги аккаунтуна юрист Николай Полозов мындай деп жазган: «Анын талабы – токтоосуз Украинага кайтуу». Буга чейин жактоочу Савченконун ден-соолугу туруктуу экенин, суу эле ичип жатканын билдирген.

22-мартта Савченко 2014-жылы Украинанын чыгышындагы эки орусиялык журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген айып боюнча соттолгон. Өкүм күчүнө 5-апрелде кирди. Ал күнөөсүн мойнуна албай, буга чейин эле бир нече ирет ачкачылык жарыялаган болчу. Савченко доо арыз менен кайрылбай тургандыгын, анткени козголгон кылмыш ишин мыйзамдуу деп эсептебей тургандыгын билдирген.

Савченко Украинанын чыгышында 2014-жылдын июнунда кармалып, Орусияга алынып келгендигин белгилейт. Ал анда жикчилдерге каршы ыктыярдуу батальондун курамында күрөшүп жүргөн. Украинанын президенти Петр Порошенко Киев аны орусиялык туткундарга алмашууга даяр экендигин билдирген. Бирок Кремлдегилер “ал жаза мөөнөтүн толугу менен түрмөдө өтөш керек” деп баса белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG