Ссылки доступа

Азербайжан президентинин үй-бүлөсү кыргыз алтынын иштетүүгө кызыкдар болгон


Азербайжан президентинин үй-бүлөсүнө тийиштүү компания 2012-жылы үзгүлтүккө учураган кыргыз алтын кендеринин аукционуна катышкан.

Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясы 2012-жылы үзгүлтүккө учураган кыргыз алтын кендеринин аукционуна катышкан. «Панама документтерине” ылайык, компания азербайжан лидери Ильхам Алиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү.

Аукционго 11 алтын жана бир көмүр кени коюлган. Ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн 35 компания катышкан. Аукциондук соодалашуулар 2012-жылдын августунда Коомдук телерадиокорпорациянын түз эфири аркылуу чагылдырылмак.

Redgold Estates Azerbaijan Ltd Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жайгашкан Коргон-Төбө, Балыкты, Кара-Кече, Туюк жана Чакмак-Суудагы алтын кендерин иштетүүгө өтүнмө кат жолдогон. Бирок аукционду жергиликтүү улутчул кыймылдар үзгүлтүккө учураткан. Алар түз эфир өтүп жаткан студияга жулунуп кирип келип, инвесторлордун бардыгын залдан кууп чыгып, улуттук байлыкты талатканга жол бербейбиз деп билдиришкен.

«Панама документтери» — бүткүл дүйнө боюнча офшордук компаниялар жөнүндөгү документтердин жыйнагы. Аны чет өлкөлүк журналисттер офшордук компанияларды каттоо боюнча кызмат көрсөткөн панамалык Mossack Fonseca юристтик фирмасындагы купуя өздүк булактан алышкан. Аталган документтерге ылайык, Лейла менен Арзу Алиевалар Азербайжандын алтын кендеринен түшкөн кирешенин 70 пайызына ээлик кылышат.

XS
SM
MD
LG