Ссылки доступа

Тоолуу Карабакта куралдуу жаңжал уланууда


Армениянын Коргоо министрлиги азери армиясы өткөн түнү Тоолук Карабакта реактивдүү “Смерч” системасын колдонгонун жарыялады.

Армения күч түзүмдөрү кабарлагандай, азербайжан тарап ок атууларын күн сайын өөрчүтүп жатат.

Тоолуу Карабактын калк жашаган аймактарында ок атуулар уланууда. Армения Коргоо министрлиги таркаткан билдирүүгө караганда, Азербайжан учкучсуз учуучу аппаратты жигердүү колдонууда. Алардын бири карбактыктар тарабынан атып түшүрүлдү.

Бул арада Азербайжан Коргоо министрлигинин маалымат кызматы эки күн аралыгында 16 аскер адамынын набыт кеткенин ырастады.

Басма сөз кызматы өткөн түнү абал курч бойдон сакталганын, Армениянын куралдуу күчтөрү калктуу конуштарды аткылоону улантып жатканын билдирди.

Тоолуу Карабакта жаңжал 2-апрелге карган түнү курчуган. Тараптар бири-бирин тынчтык келишимин бузду деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG