Жер титирөөнүн очогу тажик шаары Пенджикеттен 48 чакырым алыстыкта, батыш тарабында катталды. Бул чөлкөм Өзбекстанга чукул.
“Ташкент” сейсмостанциясынын маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү Карши жана Самаркандда 3-4, Жизакта 3, Термез жана Навоиде 2 балл болду. Ташкентте жердин титиреши анча сезилген эмес.
Курмандыктар жана кыйроолор жок.