Ссылки доступа

Астана АКШдан Жохар Царнаевдин досторун өткөрүп берүүнү өтүндү


Казакстан Америкада ар кандай мөөнөткө абакка кесилген эки жаранын кайтарып алгысы келет. Жазаларын мекенинде  өтөшсүн деп Астана Вашингтонго  кайрылды.

Алардын бири - былтыр АКШда алты жылга эркинен ажыратылган Казакстандын жараны Дияс Кадырбаев. Ага 2013-жылдын 15-апрелиндеги Бостон марафонунун марасындагы теракт жөнүндөгү ишти иликтөөгө жолтоо болгон деген айып тагылган. Ушул эле иш боюнча үч жарым жылга кесилген экинчи казак жараны – Азамат Тажаяковдун туугандары аны АКШдан Казакстанга которуу өтүнүчү менен кайрылбагандыгын Башкы прокуратура кабарлады.

Мекенине кайтаруу жөнүндө өтүнүч дагы бир казак жараны Асел Абдыгаппаровага байланыштуу берилген. Ал Техас штатындагы түрмөдө 28 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Аны адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн соттошкон.

Казакстан 2015-жылдын 6-декабрынан тартып, Чет өлкөдө жаза өтөө жөнүндө америка аралык конвенциянын катышуучусу болуп саналат. Конвенция ага кол койгон мамлекеттердин ортосунда жарандарды өткөрүп берүү тартибин аныктайт.

Казакстандын башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча акыркы беш жыл ичинде өлкөгө чет жактарда соттолгон 158 казакстандык жаран алынып келинген.

XS
SM
MD
LG