Ссылки доступа

Казакстандын өкмөт башчысы Ереванга барбайт


Казакстан премьер-министри Карим Масимов 8-апрелге белгиленген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышпайт.

Бул туурасында Борбордук Азия жаңылыктар кызматына премьер-министрдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Думан Хамит сапардын болбой калышынын себебин азырынча түшүндүрө албайт.

Шейшемби күнү орусиялык ММКлар ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын саммити кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин билдиришкен. Иш-чара Ереванда эмес, Москвада өтөрү болжолдонгон болчу. Еревандагы саммиттин болбой калышына Тоолуу Карабактагы абалдын курчушу себеп деп айтылууда.

Евразиялык экономикалык биримдикке Орусия, Казакстан, Беларусия, Кыргызстан жана Армения мүчө.

XS
SM
MD
LG