Ссылки доступа

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнө өкүм чыгат


Тажикстандын Жогорку сотунда Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсүнүн үсүнөн өтүп жаткан жараян аягына чыкты. Соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн кеңешме өткөрүүдө.

Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилик кызматтагы 13 мүчөсү өткөн жылдын сентябрь айында кармалган. Ал коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын куралданган тобуна каршы жүргүзүлгөн операциянын алкагында жүзөгө ашкан.

Тажикстан бийлиги тыюу салынган партияны, анын ичинде чет өлкөдө сүргүндө жүргөн Мухиддин Кабрини дал ушул көтөрүлүшкө тиешеси бар деп айыптаган.

29-сентябрда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясын террордук уюмдардын катарына кошкон. Мухиддин Кабири айыптоолорду четке кагып, бул партиянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу үчүн болгон шылтоо экенин сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG