Мамлекеттик ММКлар кабарлагандай, бул эрежелердин максаты - «дени сак үй-бүлөлөрдү куруу үчүн шарттарды түзүү жана ВИЧ-СПИД оорусуна чалдыккан балдардын төрөлүүсүнө бөгөт коюу”.
Мындан ары аталган тесттен өтүүгө баңгизаттарын колдонот деп шектелгендер, жумушчу визасын алууга аракет кылган чет өлкөлүктөр, соттолгондор жана кан донорлору милдеттүү болушат.
Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон мыйзам АИВ/КИЖСга (ВИЧ-СПИД) чалдыккан адамдарга акысыз дарыланууну кепилдейт. 2002-жылы Түркмөнстан эки гана жараны СПИДден жабыркаган жана экөө тең ооруну чет өлкөдөн жугузуп алган деп билдирген.