Ссылки доступа

Дүйнөлүк банк: орусиялык үч миллион жаран өтө жакыр жашайт


Дүйнөлүк банктын иликтөөлөрүнө ылайык, мунайга болгон баалардын төмөндөшү жана эл аралык санкциялардын негизинде Орусияда пайда болгон экономикалык каатчылыктын айынан өлкөдөгү 3,1 миллион жашоочу жакырланды.

Өткөн жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 3,7 пайызга азайган. Бул жылы дагы 1,1 пайызга төмөндөй турганы күтүлүүдө. Мындай кырдаал улана берсе, он жылдык өсүш жокко чыгып, Орусия 2007-жылдагыдай эң төмөнкү көрсөткүчкө кептелип калышы этимал.

Оор экономикалык кырдаалдын айынан бийлик бюджетти кыскартууга аргасыз. Мартта маалымат агенттиктери коргонуу үчүн коротулчу чыгымдар беш пайызга азая турганын, бул 2000-жылы Владимир Путин бийликке келгенден берки убакыттагы эң ири кыскартуу болорун жазышкан.

Маалыматтарга караганда, мындай кыйынчылыктар орус президентинин эл арасындагы кадыр-баркына анчалык деле таасирин тийгизген жок. Бирок Кремль сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоодо башаламандыктар болуп кетет деп кооптонууда. Ошол эле маалда Дүйнөлүк банк 2017-жылы Орусиянын экономикасы бир аз өсүп, 1,1 пайыз жогорулай турганын божомолдойт.

XS
SM
MD
LG