Ссылки доступа

Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылган өзбек жараны 16 жылга кесилди


Өзбекстандын аскерий соту жергиликтүү тургунду Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылгандыгы үчүн 16 жылга эркинен ажыратты.

Рейтер агенттиги маалымдагандай, өзбек мамлекеттик телеканалы бул жөнүндө 4-апрель күнү кечинде даректүү тасма көрсөткөн. Анда Өзбекстандын жараны Шарифжон Асроров 90-жылдардан бери Тажикстандын атайын кызматтарына жашыруун сыр болгон маалыматтарды берип жүргөндүгү айтылган.

“Чыккынчы” деп аталган тасмада сот кайсы жерде өткөндүгү айтылбайт, болгону Шарифжон Асроровдун жасалган кылмышты мойнуна алып сүйлөгөн сөзү көрсөтүлгөн.

Андан тышкары Асроров Тажикстандын атайын кызматтары менен алака түзүп, Сурхандарыя, Кашкадарыя жана Бухара облустарынын аймагындагы абактардагы жагдай, аскер бөлүктөрү, качкындар жана аскер адамдары туурасында маалыматтарды берип турган. Тасмада Асроровдун Тажикстандын жаранына үйлөнгөндүгү да маалымдалат.

XS
SM
MD
LG