Ссылки доступа

Костанайдын жылгаяк майданы боюнча сот аягына чыкты


Костанай облусунун мурдагы акиминин орун басары Фрунзик Аракелян пара алган деп айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле ишенип берилген каражатты менчиктеп алгандыгы жана коромжуга учураткандыгы үчүн Костанай акиматынын турак-жай-коммуналдык чарбасынын мурдагы жетекчиси Женис Шинкин тогуз жылга кесилди. Ушундай эле айып менен «СМУ-2010» компаниясынын директору Александр Бобровный жети жылга эркинен ажыратылды.

Тергөө маалыматтарына ылайык, былтыркы жылдын 20-апрелинде Аракелян менен Шинкин жылгаяк майданын куруу боюнча конкурста жеңишке жеткирем деп жеке компаниянын жетекчисинен 300 миң теңге алышкан. Шинкин пара алгандыгы жана бергендиги, ишкердикке мыйзамсыз катышкандыгы үчүн да күнөөлүү деп табылган.

Фрунзик Аракелян кармалгандан кийин былтыркы жылдын августунда Костанайдын мурдагы акими Ахмедбек Ахметжанов да кармалды. Ал паракорчулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишкердикке тоскоол болуу беренелери менен айыпталууда. Анын иши боюнча сот 25-январда башталган.

XS
SM
MD
LG