Ссылки доступа

Карагандада суу каптоолор уланууда


Караганда обулсунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти 7-11-апрель аралыгында кардын тез эрип кетишине байланыштуу суу ташкындарынын коркунучу тууралуу эскертти.

Эл суу ташкындары боюнча СМС-билдирүүлөрдү алууда. Кечээ түнү дагы облуста катуу жамгыр жаады. Бейшембиде суу сактагычтарда суунун көлөмү көбөйдү.

Өзгөчө кырдаалдар департаменти кабарлагандай, кардын ээриши менен дарыя жана көлмөлөр ашып-ташып, сел жүрүү коркунучу сакталууда. Көчөлөрдү дагы суу каптап, натыйжада жергиликтүү бийлик айрым трассаларды жабууга аргасыз болду. Учурда Жартас-Көксуу трассасы жабык. Карагандадагы Жезказган шаарына барткан автожолду дагы суу каптады.

Куткаруучулар Караганданын Шет районунун Шопа айылына блок постторун койду. Жеңил унаалардын жана автобустардын суу каптаган жолдор менен жүрүшүнө тыюу салынды. Ал жакка Өзгөчө кырдаал департаментинин кайыктары менен гана жетүүгө болот.

XS
SM
MD
LG