Сот Ансор Зайниддиновдун жаза мөөнөтүн айрым жагдайлар бышыкталган жок деген негиз менен азайтты. Ушул жылдын 12-февралында Зайниддиновдун «Ислам мамлекетинин» мүчөсү катары жаштарды азгыргандыгы сот аркылуу далилденген болчу. Бирок анын жубайы Гүлнора Рамазонова тескерисинче жолдошу анын Сирияга кетишине бөгөт койгондугун айтып чыкты.
«Бул окуя 2014-жылдын декабрында болгон. Москвада аялы, үч баласы менен жашаган аталаш агам Хоким мени өзүнүн наабайканасына иштөөгө чакырды. Бирок мен барганда ал жакта иш дагы, наабайкана да жок болуп чыкты. Анан бир күнү эле Сирияга барабыз деп камданып калышты. Мен бул жөнүндө жолдошума айттым. Ал ошол замат келип, 2015-жылдын майында мени үйгө жөнөтүп жиберген”, - дейт ал.
Тажикстандын бийлиги Сирия менен Ирактан өз ыктыяры менен кайтып келгендерге мунапыс бере тургандыгын жарыялаган. Расмий маалыматтарга караганда, азыркы тапта Сириядан Тажикстанга кайтып келген бардык 60 адамга мунапыс берилди. Андан тышкары Тажикстандын 1000ге жакын жараны Жакынкы Чыгышта, анын ичинде “Ислам мамлекетинин” курамында согушуп жүрөт.