Ссылки доступа

Өзбек “ханбийкесинин” кымбат баалуу чыгармачылыгы


"Өзбек Мария-Антуанеттасы: Гламурга бөлөнгөн ханбийкенин балакайлардын көйнөгүн 5000 фунт стерлингге баалаган жана душмандарын МАЙГА “кууруган” залим менен байланышкан жашоосу”. Ушундай аталыштагы макала dailymail.co.uk порталында жарык көрдү. Редакция Улуу Британияда жайгашкан.

Француз королу Людовик 16-нын жубайы Мария-Антуанетта Улуу француз ыңкылабына чейинки бардык өмүрүн ашкере жыргалчылыкта өткөрүп, бирок кийин башы алынганы белгилүү. Ага салыштырылып жүргөн “ханбийке” - Диёра Усманова. Ал Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияевдин кара чечекей жээни жана өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун келини болуп саналат.

Британиялык интернет-басылма жазгандай, Диёра Усманованын дүкөнүндө сатылып жаткан бир көйнөктүн баасы 13 карапайым өзбекстандыктын бир жылдык маянасына барабар. Диёра Усманова – учурунда өзбек премьер-министри болгон Ш.Мирзияевдин жээни. Мирзияев автократиялык режимге ыктаган 78 жаштагы Ислам Каримовго көзү түз экендиги белгилүү. Ал эми Каримов саясий каршылаштарын кайнак сууга салып өлтүрө тургандыгы айтылып келет. Ал 43 жаштагы миллиардер кызы Гүлнара Каримованы үй камагында кармоодо.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, Алишер Усмановдун жээни эки жыл илгери Ташкенттеги унаа кырсыгынан каза болгон. Анын 27 жаштагы жесири Бабура Усманова ак сөөктөрдүн турмушун чагылдырган орусиялык басылмалардын көңүлүн бурган.

Диёра Усманова Bibiona Couture аталган брендди негиздеген. Ал баасы 200 миң рублдан 500 рублга чейин болгон модалуу балдар кийимдерин сатууга адистешкен. Ушул жылдын январында ал Москвадагы алгачкы шоу-румун ачты.

XS
SM
MD
LG