"Хадижа Исмайлова бул сыйлыкка толук татыктуу, анын тайманбастыгы жана кесипкөйлүгү баалангандыгына кубанычтамын”, - деп билдирди сыйлык президенти Лилиана Зуровач.
ЮНЕСКОнун бул сыйлыгы колумбиялык журналист Гильермо Канонун урматына анын ысымы менен аталган. Ал 1986-жылы Богота шаарында өз өлкөсүндөгү баңгизат картелин сынга алгандыгы үчүн өлтүрүлгөн. 2007-жылы орусиялык журналист Анна Политковская көзү өткөндөн кийин бул сыйлыкка лауреат болуп тандалган.
"Азаттык" радиосу менен кызматташкан Хадижа Исмайлова Азербайжанда салык төлөөдөн качкан жана каражаттарды уурдаган деген айыптоо менен абакта отурат. Көпчүлүк бул кылмыш иши журналисттин өкмөттөгү жогорку кызматтарды ээлеген чиновниктердин коррупцияга малынгандыгы жөнүндө жарыялаган материалдарына байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептешет.