Борбордук шайлоо комиссиясы бул эми тилкедеги саясий өнөктүктүн жыйынтыктарын тааныды. Биринчи окург болгон Фирдавсиде депутаттык орун үчүн төрт партиянын талапкерлери ат салышты: Экономикалык реформа, Демократиялык партия, Агрардык партия жана Элдик демократиялык партия. Расуловск районунун 16-шайлоо окургунан Элдик демократиялык партия жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катышты.
Ортодогу шайлоого парламентте орду жок Коммунистик партия менен Социал-Демократтар партиясы катышкан жок.
Учурда парламенттин төмөнкү палатасындагы 63 креслонун 51и Элдик демократиялык партияга таандык. Агрардык партияга 3, Экономикалык реформалар партиясына 2, демократтар менен социалисттерге бирден мандат тийген.
2015-жылдагы шайлоодо коммунистер менен Ислам кайра жаралуу партиясы парламенттен сүрүлүп калган. Оппозициянын пикиринде, парламентти толугу менен бийликчил жана өкмөттүн тарапташтары болгон партиялар ээлеп алды.