Кечээ жергиликтүү Пакистанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Түштүк Азиянын бир нече шаарларында, анын ичинен Кабул, Исламабад, Лахор, Дели жана Дүйшөнбүдө дагы сезилди. Эң көп жабыркагандар Пакистандын Хайбер-Пахтунхва жана Гилгит-Балтистан аймактарында катталып, жүздөгөн адамдар ооруканага жаткырылган.
Олуттуу кыйроолор туурасында маалыматтар жок. Пакистандын табият кырсыктарын алдын алуу боюнча кызматы билдиргендей, көчкү жүрүү коркунучу сакталуу.
Өткөн жылы күчү 7,5 баллга жеткен зилзала Гиндукуш районунда катталып, 300 адам набыт кеткен.
Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөө орун алган соң дароо Пакистандагы Кыргызстандын консулдук бөлүмү тактоо иштерин баштаган. Учурда кыргызстандыктардын жабыркагандыгы тууралуу маалыматтар жок.