Ссылки доступа

Президент Сариевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты

Баш мыйзамга ылайык, премьер-министрдин арызы кабыл алынган кезде өкмөт толугу менен кызматынан кетет.

Ошол эле кезде отставкага кеткен өкмөт жаңы министрлер кабинети куралганга чейин милдетин аткара берет. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, президенттин жарлыгы кол койгон учурдан баштап күчүнө кирди.

Балыкчы – Корумду жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жол курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын отурумдарында транспорт министри Аргынбек Малабаев мыйзам бузууга премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айткан. Ошол замат премьерди отставкага кетирүү талаптары жаңырып баштаган.

XS
SM
MD
LG