Ссылки доступа

Ставрополдо чабуул жасоого аракеттенген үч жанкечти аныкталды


Орусиянын Антитеррордук комитети билдиргендей, алардын үчөө аталган крайдын Новоселицк районундагы Китаевко кыштагынын тургундары.

Антитеррордук комитет жанкечтилер 33 жаштагы Заур Акаев, 25 жаштагы Рамзан Хайбуллаев, 20 жаштагы Исай Абдулатипов болгонун айтты.

Жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн башында Новоселицк райондук милиция кеңсесине үч “жанкечти-террорчу” кирүүгө аракеттенип, алардын экөө окуя учурунда атып өлтүрүлдү, үчүнчүсү өзүн-өзүн жардырып жиберди деп билдирген. Бирок кийинчерээк тергөөчүлөр алардын үчөө тең өзүн жардырганын айтышты. Окуя Москва убактысы боюнча саат 11лерге жакын болгон.

Кол салуу боюнча кылмыш иши козголду. Райондо контртеррордук операция режими киргизилди. Ставрополдун күч түзүмдөрү бул окуя учурунда эч ким жабыркабаганын билдирүүдө.

Новоселицк айлында коопсуздук үчүн эки күнгө мектептер жана бала бакчалар жабылды. Аэропорттор тыкыр текшерүүгө алынууда.

XS
SM
MD
LG