Ссылки доступа

Кыргызстанда диний кырдаалды изилдөө борбору ачылды


Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын карамагында иштей турган Диний кырдаалды изилдөө борбору ачылды. Расмий ачылыш аземи бүгүн, 12-апрелде өттү.

Бул мекеме диний чөйрөдөгү изилдөө, мониторинг жана билим берүү иштери менен алектенмекчи. Ошондой эле эл аралык уюмдар менен жигердүү кызматташып, маалымат алмашып турат.

Борбордук Азиянын бардык республикаларында акыркы жылдары радикалдуу жана экстремисттик диний агымдар күчөп баратканы байкалган. Сирия менен Ирактагы согушка катышкан кыргызстандыктар жөнүндө маалымат алгач үч жыл мурун жарыяланган. Расмий маалыматка ылайык, андан бери ал жакка 500дөн ашуун кыргызстандык жаран жөнөп кеткен.

Бийлик диний экстремизмдин алдын алуу боюнча бир топ чараларды көрүүдө. Аталган борбор дин маселелери боюнча кеп-кеңешин айтып, жаңжалдардын алдын алуу, болтурбоо жана аларга жооп кайтаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин диний маселелер боюнча квалификациясын жогорулатууга кол кабыш кылып, калктын диний сабаттуулугун арттырууга көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG