Ссылки доступа

АКШ Сириядагы жарашуу келишиминин бузулуп жаткандыгына кабатыр


Женевада өтө турган расмий Дамаск менен оппозициянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында Сириядагы зордук-зомбулуктун артып жаткандыгына АКШ кабатыр болуп жаткандыгын билдирет.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер ок атууну токтотуунун үзгүлтүккө учурашы боюнча жоопкерчиликти сириялык армияга жүктөдү. Анын айтымында мамлекеттик катчы Жон Керри телефон аркылуу Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүп жатып, бул багыттагы тынчсыздануусун билдирген. Керри тынчтык сүйлөшүүүлөрүнө саналуу сааттар калганда Орусия ок атуу режимин токтотууну кубаттай жана бекемдей турганына ынангысы келет.

Оппозициянын колунда болгон Алеппого чабуул жасоо үчүн сирия армиясы кошумча күчтөрдү тартып жаткандыгына АКШ тынчсызданууда. “Эгер алар элдешүү жараянына катыша турган оппозицияга сокку урса, бул ок атуу режимин бузуу болуп эсептелет”, -деди мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Сириядагы режимди өзгөртүүгө багытталган саясий жараяндардын шарты туурасындагы макулдашууга Дамаск даярбы деген жаңы күдүк ойлор жаралууда. The Wall Street Journal гезити билдиргендей, бейшемби күнү Женевада өтө турган сүйлөшүүлөргө расмий Дамасктын өкүлдөрү Башар Асадды бийликте сактап калуу үчүн келишет. Гезиттин маалыматына карганда, өткөөл мезгилде Асаддын кызматтан баш тартуусун формалдуу түрдө жактаган Кремлдин басымына сирия бийлиги багынгысы келбейт.

XS
SM
MD
LG