Ссылки доступа

«Бир сааттык күйөө» Дүйшөмбүдө “Бир сааттык чеберге” айланды


Тажикстандын борбор шаарында түзүлгөн «Корсоз» жаңы компаниясы жалгыз бой аялдарга, ошондой эле жубайлары миграциялап кеткен же башка жакта жүргөн айымдарга турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө кол кабыш кылууну сунуштайт.

Аталган компаниянын жетекчиси Камила Сафинанын айтымында, мындай компания түзүү идеясы өзүнүн турмуштук жагдайынан улам жаралган. Анын жолдошу алыс жакта болгондуктан, күнүмдүк жашоодо кездешчү көйгөйлөрдү чечүүгө туура келген.

“Бир сааттык күйөө” деген кызмат көрсөтүүгө окшоштуруп компания түзүп, Сафина анын девизин “бир сааттык чебер” деп алмаштырууну чечти. Анткени бул жергиликтүү менталитетке ылайык келет. "Биздин эркектерибиз аялдарын көп кызганат. Ал эмес эмне үчүн аялым үйдө жалгыз болгондо ага эркек чеберди жөнөтөсүңөр деп чыгышы да мүмкүн. Анткен менен бизде жалаң гана эркек чеберлер эмес, колунан далай иш келген аялдар да бар. Ошондуктан, эркектер аялдарына кол кабыш кылуу үчүн чебер айымдарды чакырса болот”, - дейт Камила.

Бул кызмат көрсөтүү азырынча кеңири колдонула элек болгону менен ага суроо-талап жок эмес. Кызыгы, көп учурларда алардын жардамына аялдар эмес, эркектер муктаж болушат. «Көбүнчө эркектер телефон чалып, сантехник же башка чеберди жөнөтүүнү суранышат», - дейт ал.

“Бир сааттык чебер керек” деп кайрылгандарга көрсөтүлө турган кызматтын түрү арбын. Зарыл болгон учурларда үй жыйноо, батирлерде же кеңселерде ремонт жасоо, ал гана эмес бала багуу үчүн да чеберди чакырууга болот.

XS
SM
MD
LG