Ссылки доступа

Лениндин сөөгүн сактоо үчүн 13 миллион рубль бөлүнөт


Владимир Ильич Лениндин Кызыл аянт мавзолейиндеги сөөгүн бир калыпта сактоо үчүн 2016-жылы 13 миллион рубль сарпталат.

Каражат бюджеттен бөлүнөрүн Орусиянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталы кабарлады.

Лениндин денесин тазалап, тирүү кезиндеги абалындай сактоо боюнча кезектеги химиялык жумуштарды Дары жана жыпар жыттарды аныктап изилдөө институту аткарат.

Лениндин сөөгү 1924-жылдан бери сакталууда.

XS
SM
MD
LG