Ссылки доступа

НАТО менен Орусия акыркы эки жыл ичинде алгачкы ирет расмий жолугушат


20-апрелде НАТОнун өкүлдөрү Орусия менен акыркы эки жыл ичиндеги алгачкы расмий жолугушуусун өткөрөт. Бул туурасында НАТО басма сөз катчысы шейшембиде кабарлады. Күн тартибине Украинадагы кризис, аскерий тобокелдиктер жана Ооганстанга байланышкан маселелер коюлган.

НАТОнун басма сөз катчысы мамилелер мурдагыдай болбой тургандыгын, бирок эки тарапка тең диалог керек болуп жаткандыгын билдирди.

НАТО 2014-жылдын апрелинде Москванын Крымды аннексиялап алышына нааразычылык билдирип, Орусия менен болгон бардык кызматташтыгын токтоткондугун жарыялаган.

Анкен менен “Орусия-НАТО” Кеңешинин ишмердүүлүгү эч качан расмий түрдө үзгүлтүккө учураган эмес. Акыркы жолугушуу Орусияга Крым кошулгандан кийин 2014-жылдын июнунда өткөрүлүп, анда өз ара мамилелер начарлап кеткендиги ачыкталган. Эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү Орусия-НАТО Кеңешинде Брюсселдеги элчилердин деңгээлинде өткөрүүгө макулдашты.

Рейтер билдиргендей, Батыш менен Орусиянын ортосунда Украина маселеси боюнча ажырым пикирлер сакталганы менен бул жолугушуу дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга эки тарап тең даяр экендигинен кабар берет.

НАТО Чыгыш Европадагы аскердик күчтөрүнүн санын арбыткандыктан, түшүнбөстүктөргө жол бербөө максатында Москва менен аскерий жааттагы транспаренттүлүктү жогорулатуу туурасында сүйлөшмөкчү.

XS
SM
MD
LG