Ссылки доступа

Казакстан футзал боюнча дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды


Казакстандын футзал боюнча курама командасы дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды. Ал 10-сентябрдан 2-октябрга чейин Колумбияда өтөт. Акыркы 16 жыл ичинде Казакстандын футзал боюнча курама командасы дүйнө чемпиондугуна экинчи ирет катышмакчы.

Алматыда өткөн тандоо таймаштарынын чечүүчү этабында аталган команда Польшаны 7 : 0 эсебинде утуп алган.

Казакстан командасынын машыктыруучусу бразилиялык Какау жеңиштен кийин кубанганынан көзүнө жаш алды.

«Биздин оюнчуларыбыз акча үчүн гана ойнобостон, Казакстандын намысы үчүн таймашып жаткандыгын көрсөтө алышты. Көпчүлүк биздин тактикабызды жактырбай, аны ойлоп тапкан мени “акмак” деп сындап жаткан. Бирок оюндун натыйжасы менин тактикам туура болгондугун ырастады. Эми Колумбиядан жолугушабыз”, - дейт Какау.

Казакстандын курама командасы дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүүнүн алкагында август айына чейин Таиландда машыгуусун улантат. Казакстан Европалык футбол ассоциациялар кошуунуна (УЕФА) 2002-жылы кирген.

XS
SM
MD
LG