Ссылки доступа

Назарбаев менен Эрдоган ислам дүйнөсүн элдешүүгө үндөштү


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган ислам мамлекеттерин элдешүүгө чакырган декларация кабыл алышты.

Эки өлкө президенттери алдынкы ислам өлкөлөрүнүн ортосунда өрчүп бараткан каршылашуу жалпы ислам биримдигине доо кетирет деп тынчсызданышууда. Алар Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөргө кайрылып, бул декларацияны ислам биримдиги үчүн жаңы саясий платформа катары кароого үндөштү.

Документ Казакстан президентинин администрациясынын сайтында жарыяланган. Анда ислам дүйнөсү эң “драмалуу учурду” башынан кечирип жаткандыгы, көптөгөн жаңжалдар орун алып, мамлекеттер ортосундагы кызматташтык начарлап кеткендиги камтылган.

Казакстан президенти Ислам кызматташтыгы уюмунун башкы катчысы Ияд Мадани менен дагы жолукту. Тараптар исламофобияга жана терроризмге каршы күрөшүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Назарбаев Түркияга эки күндүк иш сапары менен 13-14-апрелде барды. Бүгүн ал Өзбекстанга келип, президент Ислам Каримов менен жолугат.

XS
SM
MD
LG