Ссылки доступа

Обама: “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу коргонууга өттү


Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан АКШ жетектеген коалициянын иш-аракеттеринин натыйжасында согушчандар коргонууга өттү.

Бул тууралуу кечээ АКШ президенти Барак Обама Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башкы кеңсесинде улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер менен жолуккандан кийин билдирди.

Барак Обаманын айтымында, коалициянын иш-аракеттеринин аркасында Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндө болгон аймактар азаюуда. «Азыр алар коргонууга өтүп, биз болсо чабуул жасап жатабыз. Согуштук аракеттер жакшы ыргакта жүрүп жатат жана биз ал турумубуздан жазбайбыз”, -деди Обама.

Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жок кылынган лидерлеринин ысымын атады. Алардан тартып алынган аймактарды белгилеп, экстремисттик топтун башкы каржылоо булагы болгон мунай чыккан жерлерди бомбалоодогу ийгиликтерге токтолду.

Ошону менен бирге Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мурдагыдай эле батышта теракттарды пландаштырып жана ишке ашырууга жөндөмдүү экендигин моюнга алды. Брюсселдеги жардыруулардан кийин биринчи ирет өткөрүлүп жаткан бул жолугушуунун максаты - “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөштөгү жетишкендиктерди тактап, кийинки кадамдарды белгилөө болуп саналат.

Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун түп-тамыры менен жок кылуу үчүн Сириядагы жарандык согушту токтотуу керектигин билдирди

XS
SM
MD
LG