Ссылки доступа

Украина президенти Гройсманды премьерликке көрсөттү


Украинанын президенти Петр Порошенко Жогорку Радага Владимир Гройсманды премьер-министрликке дайындоо боюнча токтомдун долбоорун алып чыкты. Бул туурасында украин президентинин сайтында маалымдалат.

Мындан тышкары Порошенко тышкы иштер министри кызматына Павел Климкиндин жана коргоо министрине Степан Полтарактын талапкерлигин көрсөттү.

Кечээ кечинде Жогорку Раданын спикери Владимир Гройсман өкмөттү башкарууга макулдугун берген. Украин ММКлары ал бул кызматтан бир нече жолу баш тартканын жазышкан.

Гройсман жана анын министрлер кабинети 10-апрелде коррупция жаңжалынан кийин отставкага кеткен Арсений Яценюктун өкмөтүн алмаштырууда.

XS
SM
MD
LG