Ссылки доступа

Казакстанда жерди чет өлкөлүктөргө сатпай турган болушту


Казакстандын айыл чарба министри Асылжан Мамытбеков айыл чарбага ылайыктуу жерлер чет элдиктерге соодаланбай тургандыгын билдирди. Астанадагы маалымат жыйынында Мамытбеков жерди “Казакстандын жарандарына жана жергиликтүү компанияларга гана” сатса боло тургандыгын айтты.

Казакстандын жер кодексинде жана башка мыйзамдарда "айыл чарбасына ылайыктуу жерлер чет өлкөлүктөргө сатылбайт" деп жазылган.

Өткөн айда улуттук экономика министри Ерболат Досаев ушул жылдын 1-июлунан тартып аукциондор аркылуу 1,7 миллион гектар жер сатыкка чыгарыла тургандыгын кабарлаган. Бул социалдык түйүндөрдө кызуу талаш-тартышты жараткан. Ал ошондой эле азыр жерди ижарага алып иштетип жаткандарга айрыкча жеңилдиктер бериле тургандыгын билдирген. Тактап айтканда, алар жердин кадастрдык баасынын 50 пайызын гана 10 жыл ичинде төлөп берсе болот.

XS
SM
MD
LG