Ссылки доступа

Пентагон: Орусиянын Су-27 учагы АКШнын чалгындоо учагын кармап алды


АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн  RC-135 үлгүсүндөгү учагы 14-апрелде орус чалгындоо учактары тарабынан кармалды. Ал Балтика деңизинин үстүндө, эл аралык аба мейкиндигинде пландык иш-чараларды аткарып жүргөн.

Бул туурасында АКШ Европалык куралдуу күчтөрүнүн командачылыгыгын өкүлү америкалык ММКларга билдирди.

Дэнни Эрнандестин айтымында, орусиялык СУ-27 учагы ортолук аймакта учуп жүргөн АКШ учагына өтө чукул жакындап, туруксуз жана агрессивдүү маневрлардын жасаганын.

Орусиянын Коргоо министрлиги 14-апрелде Су-27 учагы Балтика деңизинин үстүнөн америкалык чалгынчы учакты айланып учканы эл аралык эрежелерге туура келээрин билдирди. Министрликтин өкүлдөрү орус учагы орус чек арасы тарапты көздөй катуу ылдамдыкта бараткан белгисиз учакты аныктоо үчүн жакындаганын айтууда.

Бул АКШ менен Орусиянын ортосундагы аскер авиациясына байланыштуу акыркы мезгилдеги биринчи окуя эмес. АКШ тараптын билдиришинче, 12-апрелде эки СУ-24 учагы Балтика деңизиндеги америкалык ракеталык кемелердин үстүнөн жакын учуп өткөн. АКШнын аскер жетекчилери учактар өтө ылдый учкандыктан, сууда изи калганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги өз учкучтарын коргоп, алар тараптан бардык коопсуздук чаралары сакталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG