Ссылки доступа

Өзбекстанда мектептен качкан окуучуларды кармашууда


Өзбекстанда базарда иштеген балдарды, жашы жете элек тиленчилерди, интернет-кафе сүйүүчүлөрүн милиция мектепке кайтарууда.

“Окуучу” деп аталган иш-чараны Элдик билим берүү башкармалыгы менен мектеп жетекчиликтери биргеликте өткөрүүдө.

Борбордук Азия Жаңылыктар кызматынын Элдик билим берүү башкармалыгындагы өздүк булагы билдиргендей, соңку эки күндө ондогон бала кармалды. Алар мектепке барбай эле базарда товар ташып, же унаа жуучу жайларда иштеп жүрүшкөн.

Өзбекстанда баардык балдар милдеттүү түрдө 12 жылдык билимге ээ болушу шарт. 9-классты бүткөн соң, өспүрүмдөр лицей же колледждерде үч жылдык билим алууга милдеттүү.

Байкоочулар баамында, Өзбекстанда көптөгөн балдар үй-бүлөлүк шартка байланыштуу сабакка барбайт. Себеби ата-энелер аларды мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздай алышпайт.

Намангандык журналист Насыр Закирдин пикиринде, башка себептерден улам мектепке барбаган балдар дагы арбын.

“Сабакка келбеген учурлар көп катталып жатат. Буга мугалимдер өздөрү да күнөөлүү. Окуучулар алардын телефондоруна бирдик жүктөп беришет дагы сабакка келбей коюшат. Эгер интернет-кафелерге кирсеңиз, балдар компьютер ойноп отурган болот. Көзөмөлдүн жоктугунан улам ушундай көрүнүштөр кайталанууда”,-дейт жергиликтүү журналист.

XS
SM
MD
LG