Ссылки доступа

Тажикстанда ЖЖКУнун аскердик машыгуусу башталды


Бүгүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик чалгындоо кызматтарынын машыгуусу башталды. Иш-чара “Магоб” жана “Ляур” полигондорунда өтүп жатат. “Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, машыгууга Армениядан башка уюмдун баардык мүчөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа иш-чаранын ачылышына катышып, дүйнөнү күн санап өзгөртүп жаткан азыркы шартта бул окуу маанилүү экендигин билдирди.

Машыгуу 22-майга чейин уланат. Ага Тажикстан, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн курамынан алынган аскерий, атайын, радиоэлектрондук, аба жана башка чалгындоо бөлүктөрүнүн 1500гө жакын жоокерлери катышууда.

Машыгуу ЖККУ чалгындоо маалыматын топтоо, талдоо жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүү максатында өткөрүлөт.

ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа Дүйшөнбүгө 17-апрелде келген. Иш сапарынын алкагында ал өлкө жетекчилиги менен жолугуп, Борбордук Азия жана Ооганстандагы коопсуздук маселелери талкуулайт.

ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн. Анын курамына Орусия, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Белорусия кирет.

XS
SM
MD
LG