Ссылки доступа

Жоогазын уурдагандарды милиция издейт


Бишкектин борбордук аянтына отургузулган жоогазындарды уурдап кеткендерди милиция издемек болду.

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтынан уурдалган жоогазындардын ордуна жаңылары отургузулат. Ал эми 20-апрелден тартып алар башка сезондук гүлдөргө алмаштырылат. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алгачкы жоогазындар гүлдөп бүтүп калды, ал эми жаңы отургузула тургандары май майрамдарына жакын ачылат. Бул арада жоогазын уурдагандарды “Зеленстрой” муниципалдык ишканасынын арызы боюнча милиця издемек болду. Келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат.

Буга чейин Бишкек мэриясы “Ала-Тоо” аянтындагы Курманжан датка менен Манастын эстеликтеринин жанына 22 миң 842 даана жоогазын отургузганын кабарлаган. Бир жоогазынга 15,73 сом жумшалып, жалпысынан 359 миң 305 сом чыгымдалган.

XS
SM
MD
LG