Ссылки доступа

Порошенко Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү


Украинанын президенти Петр Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны Надежда Савченкону токтоосуз бошотууга чакырды. Бул тууралуу Украина президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөр учурунда орусиялык жоокерлер Евгений Ерофеев менен Александр Александровго байланышкан маселе да талкууланды.

Тараптар Надежда Савченко менен Украинанын Ростовдогу башкы консулун жолуктуруу жөнүндө макулдашты. Ошондой эле Савченконун ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу аны украиналык же немис дарыгерлери текшерип көрүүсүнө шарт түзүүгө чакырды.

Киевдин Голосеев соту дүйшөмбүдө Орусиянын жарандары Евгений Ерофеев менен Александр Александровду мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратты.

Буга чейин Ерофеев менен Александровду Надежда Савченкого алмашуу мүмкүнчүлүгү тууралуу президент Петр Порошенко бир нече ирет сөз кылган.

XS
SM
MD
LG