Ссылки доступа

Кыргызстанда нике жашы жогорулады


Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен 24 жашта, эркектер 28 жашта никеге турат. Бул туурасында өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка караганда, мындай көрүнүш республикада 2007-жылдан бери байлкалып келе жатат.

Улуттук статистика комитетинин билдирүүсү боюнча 22-29 жашта үй-бүлө кургандардын саны арбын.

Никеге тургандар өткөн жылы Ош, Баткен, Талас облустарында көп катталган. Эң аз көрсөткүч Бишкекке туура келет.

Жаштар ириде билимге, карьерага көңүл бөлүп жатып, үй-бүлө куруу кийинкиге жылдырылып жатат деп белгилешет социологдор.

2000-жылы Кыргызстанда никеге катталуунун орточо көрсөткүчү аялдар үчүн 23 жашты түзсө, эркектер 27 жашта үйлөнчү.

XS
SM
MD
LG