Журналистер биримдигинин азыркы төрагасы Сейтказы Матаев үй камагында. Ал бюджеттик каражатты уурдап, салык төлөөдөн качкан деп шектелүүдө.
Калиеванын талапкерлигин Сейтказы Матаев көрсөткөн.
Сейтказы Матаев 22-февралда коррупцияга каршы кызмат тарабынан кармалган. Өткөн жумада сот камак мөөнөтүн үч айга узарткан. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Үй камагында анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаев дагы отурат. Алар тагылган айыптарды четке кагып, бийликтин бул аракетин ММКларды жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине басым жасоо катары сыпатташууда.